Район аймагында былтыр жаңы ачылган балдар бакчаларында штаттык бирдик чечилбей, жабылуу коркунучунда турат. Бул тууралуу район башчысы Нурболот Мирзахмедов шейшемби күнү облустук жыйын учурунда билдирди. Анын айтымында, айыл өкмөттөр тамак-аш жана башка маселелерин чечкен. Бирок Каржы министрлиги тарабынан тарбиячылардын штаттык бирдигине акча бөлүнбөй турат.
2014-жылы Жалал-Абад облусунда 20 бала бакча ачылды. Ал жерлерде аймактагы балдардын 23% тарбияланат. (RsK)