Иорданияда ирактык эки согушкер дарга асылды. Бул “Ислам мамлекети” террордук тобу иордан учкучу Муат ал-Касеасбехдин тирүүлөй өрттөгөнү тууралуу тасма тараткан соң ишке ашырылды. Өлкөнүн коопсуздук күчтөрү маалымдагандай, Иорданияда бир нече адамдын өмүрүн алган терактты уюштурган деп табылган Сажида ал-Ришави жана иорданиялык жаранды өлтүрүүгө айыпталган Зияд Kарболи 4-февралда таң маал дарга асылды. Эки адам тең “ал-Каида” террордук тобунун мүчөсү экени аныкталган.
Иордан учкучу былтыр декабрда Сирияда, учагы согушкерлер көзөмөлдөгөн аймакта кыйраган кезде колго түшкөн эле. “Ислам мамлекети” аны бошотуунун шарты катары Сажида ал-Ришавини коё берүүнү талап кылган. Иордан бийликтери мындай шартты аткарууга даяр экенин билдирген. Бирок шейшембиде террорчулар Муат ал-Касеасбех деп айтылган адам кара металл тордун ичинде өрттөлгөнү тартылган тасманы интернетке жарыялады.
Бул окуядан соң АКШда сапар менен жүргөн Иордан падышасы Абдалла өлкөсүн кайтып келди. Ал бул окуяны "исламга эч кандай тиешеси жок кылмыштуу топтун коркок террору” деп атады.
Бул окуя боюнча АКШ президени Барак Обама жана Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ иордан элине көңүл айтып, террорду айыптады.Б уга чейин “Ислам мамлекети” эки жапон жараны өлтүрүлгөн тасманы интернетке жарыялаган эле.