Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:45

Кыргыз жана орус өкмөт башчылары Москвада жолугат


Оторбаев менен Медведевдин 2014-жылдын апрелиндеги жолугушуусу.
Оторбаев менен Медведевдин 2014-жылдын апрелиндеги жолугушуусу.

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев менен Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев экономикалык багыттагы кызматташууну талкуулайт. Оторбаев Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин өкмөттөр аралык кеңешинин биринчи жыйынына катышуу үчүн бүгүн Москвага барарын премьердин басма сөз катчысы “Азаттыкка” билдирди.

5-6-февралга белгиленген эки күндүк сүйлөшүүлөрдүн алкагында Жоомарт Оторбаев казак өкмөтүнүн жетекчиси Карим Масимов жана Орусиянын Бажы кызматынын башчысы Андрей Белянинов менен да жолугушат.

Биримдикке кирүү жараяны боюнча иштеп жаткан жумушчу топ 3-февралдан бери Орусияда жүрөт.(SE)

XS
SM
MD
LG