Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:12

Ошто 150 медициналык жабдуу оңдолбой жатат


Тетиктердин жоктугунан жана кесипкөй усталардын таңсыктыгынан улам Ош шаарындагы бейтапканалардын 150 жабдуусу оңдолбой жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаардык саламаттыкты сактоо координатору Абдилатип Шамшиев билдирди.

- Учурда өлкө түштүгүндөгү эмканаларда оңдоого муктаж аппараттардын саны 150гө жетет. "Ош медтехника" менчик мекеме болуп калган. Союз тарагандан кийин билимдүү адистеринин көбү иштен кетишкен. Ишканада үч гана уста иштейт. Мекемеде жаш адистердин жоктугунан улам акыркы үлгүдөгү жабдууларды оңдоо мүмкүн эмес. Ошондуктан Ошто жабдыктарды оңдоочу атайын борборлорду ачуу зарыл.

Учурда Ош шаардык төрөт үйүндө эң зарыл делген алты жабдуу оңдолбой турат. Анын бири - наристелер үчүн жасалма дем алдыруучу аппарат. Дарыгерлер ал жабдуунун оңдолбой турганы наристелердин өмүрүн тобокелге салып жатканын айтышат. Ошто оңдолбой жаткан жабдыктардын отузу акыркы үлгүдөгү аппараттар. (YI)

XS
SM
MD
LG