Жармаңкеде Кыргызстандын бүт аймактары боюнча 2 миң бош жумуш орду улан-кыздарга сунушталат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Эмгек, жаштар жана миграция министрлигинин аймактагы башкармалыгынан кабарлашты. 10-февралга белгиленген иш-чаранын алкагында ийгиликтүү ишкерлер жана түрдүү кесип ээлери менен жолугушуулар уюштурулуп, мастер-класстар өткөрүлөт.
Жармаңке Ош мэриясынын алдындагы жаштар комитети, Эмгек, жаштар жана миграция министрлигинин аймактагы башкармалыгы жана Youth of Osh, Y-Peer, «Благодать» коомдук бирикмелери менен биргеликте уюштурулуп жатат. (YI)