Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:22

Сербия жана Косово ортосундагы кезектеги сүйлөшүү аяктады


Сүйлөшүүдө Сербия жана Косово бийлиги Митровица шаарынын сотунун курамын бекитүү боюнча келишимге жетишти. Сүйлөшүү Евробиримдиктин ортомчулугу алдында өтүп, ага биримдиктин тышкы жана коопсуздук саясаты боюнча өкүлү Федерика Могерини жана серб президенти Александр Вучич менен Косовонун жетекчиси Иса Мустафа катышты.

Митровица шаары Косоводо жайгашкан. Шаар калкынын көпчүлүк бөлүгүн этникалык сербдер түзөт. Жаңыдан түзүлгөн келишимде аймактагы сот жана прокурорлорду теңме-тең санда түзүү каралган.

Косово көз карандысыз өлкө экенин 2008-жылы жарыялаган. Сербия анын эгемендигин тааныбай келет. Косовонун калкынын 90 пайыздан көбүн албандар түзөт.

XS
SM
MD
LG