Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:23

Салянова: Президент башка кызмат сунуштаган


Экс-башкы прокурор Аида Салянованын бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдиргени боюнча, президент Алмазбек Атамбаев ага өзүнүн тандоосуна карап Кыргызстанда же өлкө сыртында иштөөнү сунуштаган.

- Мага байланыштуу окуяларды анализдеп көрүп кескин түрдө баш тарттым, - деди ал.

Мындан сырткары "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев Юстиция министрлигин жетектөөнү сунуш кылганын, белгилүү себептерден улам жана партия түзүү планы болгондуктан андан баш тартканын кошумчалады.

Аида Салянова жыл башында кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган. Ал отставкага өз эрки менен кетпегенин, аны мажбур кылышканын билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG