Баткендин Кадамжай районундагы Айдаркен чек ара бөлүгүнүн аскерлери 10-февраль күнү мыйзам бузду деген шек менен Өзбекстандын жаранын кармап милицияга өткөрүп берди. Ал Кыргызстандын аймагындагы дарактарды уруксатсыз кескени үчүн кармалган. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.
Иликтөө иштерин Кадамжай райондук милициясы жүргүзүп жатат. (SE)