Линктер

дүйшөмбү, 29-май, 2017 Бишкек убактысы 15:53

АКШ спортчулары кыргызстандык жетим балдарга сноуборд үйрөтөт


Сноуборд боюнча Олимпиадалык оюндардын катышуучулары, АКШ спортчулары Фей Гулини жана Жастин Рейтер 15-22-февралда Кыргызстандагы балдар үйлөрүндө сабак өтүп, сноуборд сырларын ачып беришет. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин маалымат кызматы кабарлайт.

Иш-чара “Жетим балдардын укуктарын коргоо” коомдук фонду тарабынан элчиликтин каржылык колдоосунда уюштурулууда.

Жергиликтүү инструкторлор жана америкалык спортчулар Чүй, Ысык-Көл облустарындагы, Бишкек, Каракол шаарларындагы балдар үйлөрүндөгү 55 балага сноуборд тебүүнү үйрөтүшөт.

XS
SM
MD
LG