Түштүк Кореядагы ири автокырсыктан жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Дүйшөн Чотонов билдирди.
- Расмий маалыматтарга караганда андан эки адам каза таап, көптөгөн адамдар жарадар болуптур. Жаракат алгандардын 19у чет өлкөлүктөр экен. Бактыга жараша алардын арасында кыргызстандыктар жок, - деди Чотонов.
Кечээ, 11-февралда Инчхон жана Сеул шаарларынын ортосундагы аэропорттун жолунда коюу тумандан улам жүздөн ашуун автоунаа кагышкан.
Түштүк Кореяда 3 миңдин тегерегинде кыргызстандык окуп, иштейт. (МТо)