Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:10

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Кубага мечит салууну сунуштады. Бул тууралуу ал Гаванага жасаган расмий сапары учурунда айтты.

Куба президенти Рауль Кастро менен сүйлөшкөн соң, ал Кубага Стамбулдагы Ортакөй мечитинин көчүрмөсүн курууну сунуштаганын билдирди.

1992-жылга чейин расмий түрдө атеисттик деп саналган Куба бийликтеринен Эрдоган кандай жооп алганы белгисиз. Калкынын негизги катмары католиктерден турган Кубада жүздөгөн мусулмандар да бар.

Эрдоган өткөн жылдын ноябрында Американы Христофор Колумбдан мурда эле, 12 - кылымда мусулмандар ачканын айтып чыккан. Ал бул пикирге Колумбдун күндөлүгүндөгү "тоо чокусунда мечит өңдөнгөн имарат болгон" деген жазуудан улам келгенин айткан. Көптөгөн окумуштуулар Колумб муну менен тоонун чокусун айтканын болжолдоп келишет.

XS
SM
MD
LG