Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:48

Бишкекте жол кырсыгынан бир жүргүнчү мерт болду


Бишкекте бүгүн эртең менен жол кырсыгына кабылган кичи автобустун бир жүргүнчүсү каза тапты, дагы жети киши жараат алды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жол кайгуул кызматынын маалымат катчысы Тилек Оторов билдирди.

Анын айтымында, саат 06:50дө Жаш Гвардия бульвары менен Чүй проспектинин кесилишинде эки унаа кагылыша кеткен. 24 жаштагы жаран айдап келаткан оң рулдуу жеңил машинасы менен №212 кичи автобусту сүзгөн. Катуу соккудан аңтарылып кеткен кичи автобустун ичинде бараткан бир киши ошол жерден үзүлүп, жети адам түрдүү жараат алган.

Милиция окуянын чоо-жайын териштирүүдө.

Бишкекте муниципалдык автобус жана троллейбус сейрек жүргөндүктөн жүргүнчүлөрдү негизинен кичи автобустар тейлейт.

Жол кайгуул кызматынын маалыматына караганда, өлкөдө катталган жол кырсыктарынын көбү рулу оң жактагы жеңил унаанын себебинен болуп жатат. Ошондуктан тиешелүү мыйзам долбоору иштелип чыгып, келерки жылдан тарта өлкөгө оң рулдуу машина алып келүүгө тыюу салуу каралууда. (RK)

XS
SM
MD
LG