Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:35

Ирандык генерал Тегеран ИМ тобуна каршы аракеттерди көрүп жатканын айтты


Мухаммад Али Жафари.
Мухаммад Али Жафари.

Ирандагы Ыңкылап жоокерлери корпусунун командирлеринин бири, генерал Мухаммад Али Жафари Тегеран Иракта өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган топту жок кылууга чоң жардам көрсөтүп жатканын айтты.

- Иракта “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу баш көтөргөн учурда аны жоготууга алгач Иран бийлиги ашыкты. Башка өлкөлөр көмөктөшүүгө шашкан жок,- деди Жафари.

“Иран Ирактагы “Ислам мамлекети” радикал тобунун пландарын жокко чыгарууда”,- деп кошумчалаган генералдын бул билдирүүсү эл аралык коомчулукта “Тегеран Иракта эч кандай аскерий аракеттерди жасабай жатканы” жөнүндөгү пикирлер көбөйгөн учурда айтылды.

Мурдараак Жафари Иран ирактык аскерлерди даярдыктан өткөрүүгө көмөктөшүүгө даяр экенин билдирген болчу. Иран жана Ирак расмийлери өткөн жыл соңунда коопсуздукка байланыштуу аскерий-техникалык кызматташуу боюнча макулдашууга кол коюшкан.

XS
SM
MD
LG