18-20-февралда жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Каракол-Эңгилчек, Казарман-Акталчат унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу жана кар күрткүсү сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
18-февралда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз айрым жерлерде жаан, кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондордо кар жаайт. Чүй, Талас облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5,
Талас жергесинде түнкүсүн -2…-7, күндүз 0...5,
Баткенде түнкүсүн 0...-5, күндүз 0...5,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0...-5, күндүз 0...5,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…-7, күндүз -3…2,
Нарын облусунда түнкүсүн -10...-15, күндүз -1...-6,
Бийик тоолуу райондордо -20...-25, күндүз -6...-11 градус болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт, туман түшөт. Жолдор тайгак болот. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3, күндүзү 3…5.