Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:52

Пакистан аскерлери менен талиптердин атышында 5 согушкер жок кылынды


Пакистанда 20-февралда Ооганстан менен чек ара аймакта өкмөттүк аскерий күчтөр менен исламчыл экстремисттердин аткылашуусунда беш согушкер жок кылынды. Түндүк Вазиристандагы кармашта ошондой эле бир жоокер окко учту. Жарым жылдай убакыттан бери армия уруулар байырлаган чөлкөмдө талиптерге жана башка согушкерлерге каршы ири операция жүргүзүп келатат. Чабуул талиптер Карачидеги эл аралык аэропортко кол салып, Исламабад өкмөтү менен Пакистандагы талип фракцияларынын тынчтык сүйлөшүүлөрү үзгүлтүккө учурагандан кийин башталган.

Өкмөттүк күчтөр "ал-Кайида", "Талибан" жана "Хаккани" уюшмаларынын жоочулары баш калкалаган жайларга сокку уруп келатышат.

XS
SM
MD
LG