Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:56

Опера жана балет театры Уразгильдеев менен коштошууда


Бүгүн Кыргыз эл артисти, искусство таануу илиминин доктору, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Роберт Уразгильдеевдин сөөгү жерге берилет. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты шашкеге чейин Бишкектеги Опера жана балет театрында өтөт.

Өткөн кылымдын алтымышынчы жылдарынан баштап кыргыз балетинин жылдызы катары жанган Роберт Уразгильдеев 85 жаш курагында 19-февралда дүйнө салган.

Уразгильдеев 1955-жылы Пермь мамлекеттик хореографиялык окуу жайын бүтүргөн. Ал "Эсмеральда", "Чоң вальс", "Жизель", "Ак куу көлү", "Щелкунчик" жана башка балеттерде алдыңкы партияларды аткарган. (ZMa)

XS
SM
MD
LG