22-февралда айрым жерлерде жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болот.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 10…15,
Талас жергесинде түнкүсүн -2…+3, күндүз 9...14,
Баткен, Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0...5, күндүз 9...14,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6,
Нарын облусунда түнкүсүн -11...-16, күндүз -3...-8,
Бийик тоолуу райондордо -14...-19, күндүз -8...-13 градус болот.
22-февралда Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метр болот. Абанын температурасы түнкүсүн 1…+3, күндүз 11…13 градус болот. (ZMa)