Токмоктогу кыргыз-түрк “Себат” билим берүү мекемесинин башкы директору Нурлан Кудайбердиевдин "Азаттыкка" маалымдашынча, 57 бала 20-февраль күнү эртең мененки тамактануу учурунда уулануунун белгилери менен ооруканага жеткирилген. Дарыгерлердин текшерүүсүнөн өткөндөн кийин окуучулардын абалы жакшы деп бааланып, алар лицейге кайтышкан.
"Балдардын абалына ата-энелер эч кандай нааразычылык билдирип, арызданган жок", - дейт Н.Кудайбердиев. Азыр уулануунун себептерин аныктоо үчүн текшерүү иштери жүрүп жатат. Окуя тууралуу маалымат түшөөр замат Бишкектеги “Себат” билим берүү мекемесинин жетекчилиги Токмоктогу лицейге жөнөп кеткен. (BCh)