Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:57

Кытай Индиянын элчисине нааразылык нотасын тапшырды


Лхаса шаары
Лхаса шаары

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Индиянын бул өлкөдөгү элчиси Ашок Канзаны чакырып, премьер-министр Нарендра Модиге нааразылыгын билдирди. Буга 20-февралда Индиянын өкмөт башчысы Модинин Гималай менен чектеш талаштуу районго сапар жасап, бул штаттын түзүлгөнүнүн 28 жылдыгына жана темир жолдун ачылышына арналган иш-чарага катышуусу себеп болгон.

Аянты 84 миң чарчы метрди түзгөн Аруначал-Прашед Индия менен бул регионду Тибеттин бир бөлүгү деп эсептеген Кытайдын ортосундагы аймактык талаштын предмети болуп келет.

1962-жылдагы Индия менен Кытай ортосундагы согуштан кийин эки өлкөгө тиешелүү аймактын ортосунда чек ара так аныкталган эмес. Ошол согушта эки миңден ашык жоокер набыт болгон. (ZMa)

XS
SM
MD
LG