“Кумтөр” долбоору боюнча сүйлөшүүнүн жыйынтыгы тууралуу өкмөттүн баяндамасын 24-февралда Жогорку Кеңештин айрым комитеттери карап, бейшемби күнү жалпы жыйынга алып чыгышат. Мындай чечим өткөн жумада парламентте кабыл алынган. Анын алдында "Кумтөр" долбоору боюнча февралдын соңуна чейин чечим кабыл алынбаса Жогорку Кеңештеги "Республика" фракциясы өкмөттүн отставкасын талап кылары маалым болгон. Бирок “Кыргызалтын” ишканасынын жетекчиси Токон Мамытов сүйлөшүүлөрдү жыйынтыктоого азырынча эрте экенин, орток пикир табуу боюнча дагы айрым маселелер бар экендигин“Азаттыкка” билдирди.
Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев өткөн айда маалымат берип жатып, принципиалдуу маселелер боюнча макулдашуулар жетишиле электигин айткан, бирок аны кеңири чечмелеген эмес. Маалыматтарга ылайык, Канада тарап экологиялык доодон баш тартуу сунушун киргизген.
Жогорку Кеңеш былтыр жыл башында Кумтөр боюнча үлүшү теңме-тең бөлүнгөн шартта биргелешкен ишкана түзүү келишимин жактырган. Андан бери сүйлөшүүлөр уланууда. (SE\EBM)