Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:50

25-февралга карата аба ырайы


Чукул эскертүү

Жаан-чачынга байланыштуу жана күндүн ысышынан улам 27-февралга чейин тоолуу унаа жолдордо кар көчкү коркунучу сакталат. Жолдор тайгак болот. Адистер айдоочуларга унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоо керектигин эскертет.

Аба ырайы

25-февралда айрым жерлерде кар аралаш жамгыр, тоолордо кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондоруна туман түшөт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8, күндүз Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0...-5, күндүз 1...6,

Талас жергесинде түнкүсүн 0...-5, күндүз 0...5,

Баткен облусунда түнкүсүн -3...+2, күндүз 4...9,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2...+3, күндүз 5...10,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -1...-6, күндүз -1...+4,

Нарында түнкүсүн -6...-11, күндүз 0...-5,

Тоолуу райондордо түнкүсүн -17...-22, күндүз -4...-9 градус болот.

Бишкек шаарында бир аз кар аралаш жамгыр жаашы ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн 0...-2, күндүз 3...5 градус болот.

XS
SM
MD
LG