“Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери Сириянын түндүк-батышындагы кыштактардан 70тен ашуун христиан ассириялыкты уурдап кетти. Согушкерлер 23-февралда кыштактарга кирип барып, жергиликтүү тургундарды күч менен алып кеткен.
Жакынкы Чыгыштагы диний азчылыктар боюнча иш алып барган топтун жетекчиси Нури Кинонун айтымында, согушкерлердин туткунунда 100гө жакын христиан болушу мүмкүн. Ал эми баш кеңсеси Лондондо жайгашкан Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы туткунга алынгандардын саны 90го жетерин билдирди.
“Ислам мамлекети” террорчул тобу өткөн жылы Сирия жана Ирактын бир катар аймактарын басып алган. Андан бери Ирак, Сирия күчтөрү жана АКШ баштаган эл аралык коалиция согушкерлерге каршы операция жүргүзүп жатат.
Ассириялыктар Жакынкы Чыгыш, Иран, Түркияда жашаган этникалык топ. Алар христиан динин тутунушат. Сирияда 50 миңге жакын ассириялык жашайт.