Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:24

“Кышкы фестиваль 2015” быйыл Караколдо өтөт


Бул тууралуу “Форвард” коомдук бирикмесинен белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жыл сайын уюштурулуучу 5-кышкы фестиваль бул жолу 27-февралда Каракол шаарында өтөт. Иш-чаранын максаты кышкы туризмди мындан ары да өнүктүрүү, туристтик мекемелердин шарттарын жакшыртуу жана эс алуучулардын коопсуздугун сактоо болуп эсептелет.

Фестивалдын программасында флешмоб, жаш таланттардын ыр-бийлери, КВН командалары, түрдүү сынактар, концерттик программа жана туризм жарманкеси бар. Жеңүүчүлөргө кызыктыруучу белектер берилет.

Кышкы фестивалга коноктор чет мамлекеттерден да келери күтүлүүдө. (AsA)

XS
SM
MD
LG