Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:31

Баткенде кыргыз жана тажик ооганчылары жолукту


13-февралда Баткенде советтик аскерлердин Ооганстандан чыккан күнү белгиленген
13-февралда Баткенде советтик аскерлердин Ооганстандан чыккан күнү белгиленген

Тажикстандын Худжант облусунан Ооган согушунун 25 ардагери жана Кыргызстан менен чек аралаш аймактан 25 жаш муун өкүлү Баткенге келишти.

Кошуна өлкө өкүлдөрү менен Баткен облус аймагынан ооганчылар жана чек аралаш айыл тургундары, чек арачылар жолугушууда. Иш-чарада уюшкан кылмыштуулукту алдын алууга жана чек арадагы ынтымакты бекемдөөгө жарандык коом менен ооганчылар кантип салым кошо алаары талкууланып, кызматташуу жаатында келишим кабыл алынат.

Мындан тышкары эки өлкө өкүлдөрү ортосунда достук футбол таймашы уюштурулуп, жеңүүчүлөргө белектер берилет. Иш-чаранын расмий бөлүгүнө жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да катышып, чек аралаш аймакта баңги соодасына бөгөт коюу боюнча документалдык фильм көрсөтүлдү.(JsA)

XS
SM
MD
LG