Нарын облусунун Ат-Башы районунда абал оор. Бул тууралуу бүгүн парламенттин жыйынында депутат Мамытбай Салымбеков билдирди. Анын айтымында, жергиликтүү эл малы негизинен Ак-Сай өрөөнүндө жайлайт.
- Мындан 5-6 жыл мурда Кында тараптагы көпүрөнү суу алып кеткендиктен, малды ары-бери айдап өтө албай калышты. Карышкыр күчөдү, тоют жетишсиз. Өкмөт жакындан жардам бербей жатат. Ат-Башыда чөп чыкпай, чий басып калды, - деди Салымбеков.
Депутаттын айтымында, эгер Ичке-Таш-Рабат суусу канал аркылуу бурулуп келинсе, кошумча 4 миӊ гектар жерди суу басмак. Бул үчүн өкмөттөн жардам керек болууда. (RK)