Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:50

Жогорку Кеңеш өкмөттүн Кумтөр боюнча ишин талкуулоодо


Кумтөр кени боюнча инвестор менен сүйлөшүү уланууда
Кумтөр кени боюнча инвестор менен сүйлөшүү уланууда

Жогорку Кеңеш “Кумтөр” долбооруна байланыштуу мурда кабыл алган токтомдорунун аткарылышы тууралуу өкмөттүн маалыматын угуп жатат. Жыйынга премьер-министр Жоомарт Оторбаев баштаган өкмөт мүчөлөрү, мекеме жетекчилери катышууда.

Премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин айтымында, «Centerra Gold Inc.» компаниясы менен «Кумтөр» долбоору боюнча сүйлөшүүлөр улантылып, бир катар олуттуу маселелер жаатында макулдашууга жетишилди.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө 2014-жылы «Кумтөр» долбоорунан 110 млн доллар киреше алынып, анын 50 пайызы кыргыз тараптын үлүшүнө бериле турганы белгилүү болду. Ал эми экология жаатындагы айрым бир талаш-тартыштар аягына чейин чечиле элек, бирок 52 млн доллар көлөмүндө экологиялык камсыздандыруу корун түзүү маселеси макулдашылды. «Centerra Gold Inc.» компаниясы консултанттарды жалдоо чыгымдарынын 30 пайызын төлөп берүү өтүнүчү менен кайрылган.

Андан сырткары, биргелешкен ишкана түзүп, аны Кыргызстанда каттоодон өткөрүү, Нидерландыда банк эсебин ачуу маселесинин башы ачылып калганы белгилүү болду. Анын Директорлор кеӊешинин курамы эки тараптан үчтөн кишиден же жалпы 6 мүчөдөн турат. Ошондой эле башкаруучу компанияны дайындоо маселеси чечилгени менен, азырынча анын иштөө мөөнөтү талаш-тартыш жаратууда. (RK)

XS
SM
MD
LG