Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:04

Эшектин этин сатууга каршы жарандык активисттер митингге чыгышат


"Эшектин күчү адал, сүтү арам" деп айтылат
"Эшектин күчү адал, сүтү арам" деп айтылат

Алар иш-чараны 27-февралда Сокулук районундагы эшек союлган касапкананын жанына уюштурмакчы. Митингди уюштуруучулардын бири Таалайбек Керималиевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, активисттер касапкананын кожоюндарынан союлуп, муздаткычка тоңдурулган эттерди көрсөтүүнү талап кылышмакчы. Ошондой эле алар эшектердин эттерин өрттөөсүн да талап кылышат.

24-февралда журналисттер Чүйдүн Ак-Жол айылындагы сарайлардын биринде ондогон эшек союлуп, сатыкка даярдалып жатканын, эт баш калаадагы кафе-ресторандарга өткөрүлгөн болушу мүмкүн экенин айтып чыгышкан.

Бирок бул иш менен алектенген “Кайтал” ишканасынын жетекчиси Алмаз Такырбашев эттин бир килосу да Кыргызстанда сатылган эмес деп ишендирүүдө. Анын айтымында, эшек эти Solax trading LTD түрк компаниясы менен болгон келишимдин негизинде Гонконгго жөнөтүүгө даярдалып жаткан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG