Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:42

Орусиянын жактоочулары Бишкекте АКШга каршы митинг өткөрүүдө


АКШ элчилигинин алдына чыккан пикетчилер Орусияны жактаган жазууларды кармап турат
АКШ элчилигинин алдына чыккан пикетчилер Орусияны жактаган жазууларды кармап турат

Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчилигинин жанында 30га жакын киши жаңы элчинин дайындалышына жана АКШ саясатына каршы митинг өткөрүүдө. Кабарчыбыздын айтымында, акцияга чыккандар арасында Кыргызстандын Коммунисттер партиясынын жетекчиси Клара Ажибекова жана башка пенсионерлер бар. Колуна Орусияны жактаган, орус-кыргыз кызматташтыгына артыкчылык берген маанайдагы плакаттарды кармап турушат.

Алар айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында “АКШ Кыргызстанда үчүнчү революция даярдап жатканы” тууралуу жазылган макалалардан улам митингге чыкканын айтып жатышат.

Мурдагы элчи Памела Спратлендин мөөнөтү бүтүп кеткенине байланыштуу анын ордуна АКШ бийлиги Шейла Гволтнинин талапкерлигин көрсөткөн. Аны Сенат бекиткенге чейин Ричард Майлз февралдын башында убактылуу элчинин милдетин аткаруу үчүн келген. (SE\UEz)

XS
SM
MD
LG