Казарман - Акталчат унаа жолуна түшкөн кар көчкүдөн улам жол жабылганына байланыштуу Тогуз-Торо районунун окуучулары облустук олимпиадага катыша албай калды. Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук администрациянын усулдук билим берүү бөлүмүнөн кабарлашты. Эки күндүк олимпиада эртең аяктайт.
Тогуз-Торо районундагы мектептердин арасында өткөрүлгөн олимпиаданын жыйынтыгында облустук таймашка 34 окуучу жолдомо алган. Алар март айынын аягында өтүүчү республикалык олимпиадага жолдомо алуу үчүн ат салышмак.
Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районунун мектеп окуучулары өткөн жылдан тарта Нарын облустук олимпиадага катышып жатат. (MiK)