Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:33

Кыргызстанда 92 лаборатория эл аралык аккредитациядан өттү


Бул тууралуу экономика министри Темир Сариев Бишкектеги лабораторияларды текшерүү учурунда билдирди. Анын айтымында, май айына чейин фитосанитардык жана ветеринардык дагы төрт лаборатория аккредитациядан өтөт.

Кыргыз аккредитациялык борборунан каттоодон өткөн лабораторияларда текшерилген продукцияларды Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөргө тоскоолдуксуз чыгарса болот. Мындан сырткары текшерилген тамак-аш жана айыл чарба азыктарын ILAC эл аралык аккредитациялык уюмга кирген 70тен ашык өлкөгө экспорттоого болот.

Экономика министрлигинин алдында түзүлгөн Кыргыз аккредитациялык борбору ILAC уюмуна 2013-жылы мүчө болгон. Кыргызстан май айынан баштап ЕАЭБдин толук мүчөсү болот. Ага чейин өлкө ветеринардык жана санитардык лабораторияларын уюмдун талаптарына шайкеш келтириши шарт. (ECh/UEz)

XS
SM
MD
LG