Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:35

Донбасста "Сегодня" гезитинин кабарчысы каза тапты


Украина чыгышындагы атышуулардан соңку сутка ичинде бир украиналык журналист каза таап, үч аскер адамы жараат алды. Бул тууралуу Украинанын аскер жетекчилиги кабарлады. Украин күчтөрүнүн Донбасстагы өкүлү Андрей Лысенконун билдиришинче, Пески шаарындагы атышууларда "Сегодня" гезитинин фотокабарчысы Сергей Николаев минанын чачырандысы тийип каза тапкан.

Өз алдынча жарыяланган Донецк элдик республикасынын өкүлү Эдуард Басуриндин ишендиришинче, оор куралдар согуш талаасынан бүгүн чыгарылат.

Кырдаалга көз салып турган ЕККУнун өкүлдөрү Донбасстагы ок атышууну токтотуу келишими аткарылбай жатканына кабатыр.

Минск шаарында 12-февраль күнү Украина, Орусия, Франция жана Германия лидерлери жолугуп, 15-февралдан тарта ок атууну токтотууну макулдашкан.

XS
SM
MD
LG