Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 20:10

Азербайжан Кыргызстанга өрт өчүргүч автоунааларды берди


Украинадагы өрт өчүрүүчү унаалар (сүрөттүн кабарга тиешеси жок).

Азербайжандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстанга беш даана өрт өчүргүч автоунаа белекке берди. Машинелерди расмий өткөрүп алуу аземи бүгүн Бишкек шаарында өтөт. Жыл аягына чейин азери өкмөтү дагы беш унаа берүүгө убада кылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде берилген өрт өчүрүү машинелери аймактарга бөлүнөт.

Буга чейин Кыргызстанга Жапония жана Германия ушундай унааларды белекке берген болчу. (SE)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG