Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:11

Украина: артиллерия чыгарылып жатканы кабарланды


Артемовск шаары, 6-март, 2015-жыл
Артемовск шаары, 6-март, 2015-жыл

Украинанын чыгышында жаңжалдын катышуучулары 12-февралда Минскиде кол коюлган макулдашууларга ылайык, оор курал-жарактарды буфердик зонанын чегине чыгарып жатканын кабарлашты. Бул макулдашууларга ылайык, артиллериянын ар кандай түрлөрү 140 километрге чейинки аралыкка чыгарылыш керек.

Кечээ кечинде ЕККУнун миссиясы бул талап аткарылбай жатканын айтып, эл аралык байкоочулардын жаңжал болуп жаткан аймакка эркин кирип-чыгуусуна уруксат берүүнү талап кылган.

Жума күнү Германия менен Орусиянын тышкы иштер министрлери Франк-Вальтер Штайнмайер жана Сергей Лавров ЕККУну Украинанын чыгышындагы байкоочуларынын санын эки эсе көбөйтүүгө чакырышкан. (ZMa)

XS
SM
MD
LG