Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:28

Согушкерлер Ирактагы тарыхый эстеликтерди талкалоону улантууда


“Ислам мамлекети” радикал тобунун согушкерлери тарыхый эстеликтерди кыйратууну улантууда. Ирактын өкмөтү согушкерлер өлкө түндүгүндөгү байыркы Хорсабад шаарынын урандыларын талкалап жатканын билдирүүдө. Аймактын жашоочулары согушкерлер тарыхый жайды 8-мартта ээлеп алып, жер менен жексен кылганын айтып беришти.

Буга чейин алар Мосул жана Нимруддагы байыркы тарыхый эстеликтерди талкалашкан эле. Буга байланыштуу БУУнун Баш катчысы Пан Ги Мун тынчсыздануу билдирип, эл аралык коомчулукту тарыхый эстеликтерди жок кылууга каршы турууга чакырды.

Хорсабад же Дур-Шаррукин деп аталган шаар Ассириянын падышасы Саргон II такка отурганда өлкөнүн жаңы борбору катары негизделген. Шаар калдыктары азыркыга чейин сакталып, бир катар эстеликтер дүйнөнүн атактуу музейлерине коюлган эле.

XS
SM
MD
LG