Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 23:49

Кыргызстанга келген инвестиция азаюуда


Евразия өнүктүрүү банкынын маалыматы боюнча 2014-жылы Кыргызстанга 187 миллион доллар инвестиция салынган. Бул 2013-жылга салыштырганда 70 пайыз төмөн. Инвестициянын агымы Кытайдан 2 эсе, Орусиядан 3, Британиядан 1,5 эсе кыскарган.

Экономика министрлигинин алдындагы Инвестиция тартуу боюнча агенттиктин башчысы Алмаз Сазбаков бул маалыматты четке кагып, 2014-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы менен түз инвестиция 35 пайыз кыскарганын билдирди. Ал муну өлкөдөгү ири инвестициялык долбоорлордун бүткөндүгү менен байланыштырып, быйылкы жыл Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кирүүсүнө байланыштуу болорун белгиледи. (AzK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG