Бүгүн Бишкекте “Мода индустриясы: жабдуулар жана буюмдар” деп аталган эл аралык көргөзмө-жарманке ишин баштайт
Көргөзмө-жарманке Кыргызстандагы Жеңил өнөр жайчылар ассоциациясы тарабынан уюштурулууда. Иш-чаранын максаты: жеңил өнөр жай тармагында жана мода жаатында иш алып барган ишканаларды таанытуу, жеңил өнөр жайына керектүү жабдууларды, кездемелерди керектөөчүлөргө дүңүнөн сатып алууга жана сатуучуларды жергиликтүү чеберлердин колунан жаралган сапаттуу кийим-кечелерди арзан алуусуна мүмкүнчүлүк түзүү болуп эсептелет.
Көргөзмө-жарманкеге Кыргызстандан тышкары алыс-жакынкы чет өлкөлөрдүн да жеңил өнөр жайчылары тигүү тармагына тиешелүү жабдуулары, кездемелери жана башка буюмдары менен катышат. Жалпысынан иш-чарага катышуучу ишканалардын саны 200гө чукул.
Көргөзмө-жармаңкенин коноктору ал жерден кийим-кече, бут кийим, кол өнөрчүлүк буюмдарын жана жергиликтүү өндүрүшчүлөр өндүргөн азык-түлүктөрдү да сатып ала алышат.
Көргөзмө-жарманке16-мартка чейин уланат.
Кыргызстандагы жеңил өнөр жай тармагы өлкөнүн экономикасын кыймылдаткан тармактардын бири болуп эсептелет. Рублдин арзандашы тигүүчүлөрдүн абалын оорлоткону айтылууда.(ZKo)