Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:15

"Айчүрөктө" мерт кеткендер техникалык кызматкерлер экени айтылууда


Бишкектеги "Айчүрөк" соода борборунда кырсыктан каза тапкан эки жаран ошол жайда иштеген техникалык кызматкерлер экени айтылууда. Бул тууралуу окуя болгон жерден "Азаттыктын" кабарчысы маалымдады. Күбөлөрдүн айтымында, алар лифтти оңдоп жаткан болушу ыктымал.

Азырынча дүкөндүн администрациясы эч комментарий бере элек.

Бүгүн Бишкектин Тез жардам кызматына 9:52де 6-кабаттан кулап түшкөн эки киши тууралуу кабар келген. Догдурлар кырсык болгон жерге барганда 35 жана 36 жаштагы эки киши набыт болгонун аныкталган.

Алдын ала маалыматка караганда, имараттын лифтинде оңдоо иштери жүрүп жаткан. Ичиндеги эки кишиси менен кабина лифттин шахтасына 6-кабаттан кулап түшкөн. (TSh/RK)

XS
SM
MD
LG