Аткарган ырлары дайыма интернетте топ жарган жаш ырчы Аяна Касымова "Азаттыктын" студиясына келип, маек куруп берди. Аяна Касымова Бишкек шаарындагы №29 гимназиянын 9-классынын окуучусу. Буга чейин бир нече жолу чет жердеги сынактарда байгелүү орундарды багындырып келген.