Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:43

Ассанж швед тергөөчүлөрүнө сурак берүүнү кубаттайт


Жулиан Ассанж
Жулиан Ассанж

Жулиан Ассанж швед тергөөчүлөрү аны Лондондо суракка алуусун кубаттайт. Бул тууралуу “WikiLeaks” сайтынын негиздөөчүсүнүн адвокаты Пер Самуелсон билдирди.

Адвокаттын айтымында, алар учурда Швециянын тергөө органдары менен кызматташып жатат жана Лондондо сурак жүргүзүү сунушун кабыл алышты.

Буга чейин швед бийликтери мындай чарага баруудан баш тартып келген. Бирок мыйзам боюнча быйыл августта Ассанжга айып коюла турган мөөнөт аяктоодо.

Ассанж мындан эки жыл мурда Швецияга экстрадицияланардай көрүнүп калганда Эквадор өлкөсүнүн Лондондогу элчилигинен башпаанек тапкан.

Ал өзүн швед аялга сексуалдык ыдык көргөзгөнү үчүн айыптаган Швецияга Стокгольм АКШга өткөрүп берип салышы мүмкүн деген чочулоодон улам барган эмес.

АКШ Ассанжды Пентагондун, Мамлекеттик департаменттин, өкмөттүк башка мекемелердин жашыруун документтери менен кат алышууларын "WikiLeaks” сайты аркылуу жарыялап салганы үчүн күнөөлөгөн. (UE)

XS
SM
MD
LG