Бул тууралуу Улуттук оппозициялык кыймылдын лидерлигинен кеткен Равшан Жээнбеков “Азаттыкка” билдирди. Оппозициядагылар жаңы лидерди тандоо боюнча сүйлөшүүлөрдү келаткан жумада талкуулайт.
Равшан Жээнбеков УОКтун лидерлигинен кеткени тууралуу 13-мартта жарыялаган. Муну ал маданий-саясий кадам деп атап, кыймылга мүчө болгон жаңы кишилердин да пикирин угуу зарыл экенин белгилеген. (SE)