Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:32

Санкт-Петербургда Атамбаев менен Путин жолугушат


Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев менен орус президенти Владимир Путиндин жолугушуусу бүгүн, 16-мартта Санкт-Петербург шаарында өтөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди. Атамбаев Орусияга жекшемби күнү учуп кеткен.

Маалыматтарга караганда, президенттер бир күндүк сапардын алкагында эки тараптуу кызматташтыкты жана Кыргызстандын Евразия экономикалык союзуна мүчө болуу жараянын талкуулашат.

Серепчилер жолугушууга журналисттер чакырылбагынан белгилеп, сүйлөшүүлөр жабык эшик артында өтүшү мүмкүндүгүн боолгоп жатышат.

Бул жолугушуу Путиндин ооруп жатканы тууралуу ушак-айың тараган учурга туш келүүдө. 62 жаштагы Владимир Путин он күндөн бери коомчулукка көрүнө элек. Анын Казакстанга өткөн жумага белгиленген иш-сапары да токтотулган. Путиндин ден соолугу начарлап кеткени тууралуу сөздөр айтылууда. Кремлдин басма сөз кызматы муну четке кагып келатат.

Ал арада “Дождь” телеканалы орус өлкө башчысы Новгород облусундагы резиденциясында дарыланып жатканын кабарлады. (SE)

XS
SM
MD
LG