Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн “Азаттыкка” билдиришкендей, мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кечээ кечинде Орусиядан кайтып келди. Учурда Аксы окуясында жана апрель ыңкылабында курман болгондорго арналган Бишкектеги эстеликке гүл чамбар коюуда.
16-мартта Атамбаев Санкт-Петербургда Орусиянын президентти Владимир Путин менен жолугушкан.
Бүгүн Кыргызстанда Аксы окуясында курман болгондор эскерилүүдө. Аскар Акаевдин бийлиги учурунда, 2002-жылы 17-мартта Жалал-Абаддын Аксы районунда тынчтык митингинин катышуучуларына каршы ок атылып, алты киши каза тапкан. Митинг саясатчы Азимбек Бекназаровду абактан бошотуу жана Үзөңгү-Куушту Кытайга берүүгө каршылык билдирүү максатында өткөрүлгөн болчу. (КЕ)