Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:46

Кызыл Чырым уюму Вануатунун элине тез көмөктөшүүгө чакырды


Вануату, 14-март, 2015.
Вануату, 14-март, 2015.

Эл аралык Кызыл Чырым уюму “Пэн” циклонунан жабыркаган вануатулук жарандарга көмөктөшүү үчүн 3, 2 миллион доллар шашылыш жардам сурады. 13-14-март күндөрү арал-мамлекетти саатына 300 чакырым ылдамдыкта жылган суу аралаш куюн каптап, кеминде 24 адам өлгөн, 3 300 адам там-жайсыз калган. Вануату өкмөтүнүн эсебинде, циклондон 130 миңдей адам жабыркаган. Бул Австралиянын батышында Тынч океанда жайгашкан өлкө калкынын теңине жакыны. Кызыл Чырым уюмунун билдиришинче, каражат куюндан жабыркаган вануатулуктарды таза суу, азык түлүк менен камсыздоо жана аларды тез коопсуз жайларга көчүрүү үчүн керек.

XS
SM
MD
LG