Вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев 19-20-март күндөрү Ысык-Көл облусун кыдырып, жазгы талаа иштерине карата дубандагы даярдык менен таанышат. Анын катышуусунда дыйкандарды үрөн, күйүүчү-майлоочу майлар менен камсыздоо жана дыйкандарга жеңилдетилген насыя берүү маселелери талкууланат. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Вице-премьер эки күндүк иш-сапарында облустун бардык райондорун кыдырат. 20-мартта Каракол шаарында өкмөт башчы менен түз байланышка чыгып, селектрдик жыйын өткөрөт. (AsA)