Базар-Коргондо эки улуттун жаштары мушташкан айыл милициянын көзөмөлүндө. Бул тууралуу "Азаттыкка" райондун акими Таалайбек Долдоев билдирди. 14-март күнү райондогу Кызыл-Суу айылынын 2 тургунун Чарбак айылында жаштар уруп-сабап коюшкан. Окуядан соң эки айылдын тургундары эки тарап болуп беттешип, маселени чечүүгө аракет кылышкан.
Акимдин айтымында, буга байланыштуу 18-мартта тургундарды элдештирүү үчүн аймакта элдик жыйын болду. Окуя боюнча райондук милиция кылмыш ишин козгоп, 1 бала камака алынса, 4 окуучу шектүү катары каралууда. Эки улуттун жаштары мушташкан аймак милициянын көзөмөлүндө. Чарбак айылында ар кайсы улуттун өкүлдөрү жашайт. (КЕ/RsK)