Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:45

Лавров Украина боюнча жолугушуу өткөрүүнү сунуштады


Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Украинанын чыгышындагы абал боюнча “нормандиялык төрттүк” мүчөлөрүн жолугушуу өткөрүүгө чакырды. Лавров бул боюнча Франция жана Германиянын тышкы иштер министрлери менен сүйлөшкөнүн билдирди. Орусиянын башкы дипломатынын жүйөсүндө, Украинанын чыгышындагы абалдын начарлоосун алдын алуу үчүн жолугушууну тезирээк өткөрүү зарыл.

Сергей Лавровдун бул чакырыгы Украинанын Жогорку Радасы Донбасстагы айрым райондорго өзгөчө макам берүү тууралуу мыйзам кабыл алган учурга дал келди. Мыйзамда аталган аймактарда мыйзамсыз куралдуу топтор, аскерий техника, согушкерлер толук чыгарылгандан кийин эл аралык байкоочулардын катышуусунда украин мыйзамдарына ылайык шайлоо өтүшү керек. Бирок Донбасстагы орусиячыл жикчилер мыйзамды иштеп чыгуу алар менен макулдашылбаганын жүйө кылып, Киевди Минск келишимдерин бузду деген билдирүү менен айыптап жатышат.

Буга чейин Украинанын чыгышындагы жаңжалды токтотуу боюнча Франция, Германия, Орусия жана Украина бир нече жолугушуу өткөргөн. Акыркы ирет 12-февралда Беларустун борбору Минскте ок атууну токтотуу боюнча келишимге кол коюшкан.

XS
SM
MD
LG