Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:25

Ош шаарында Нооруз майрамы күнү 19 кылмыш катталды


Ош шаардык жана облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматында, Нооруз күнү тоноочулук, уурулук, мыйзамсыз баңги затын сактоо, жол кырсыгы, ден соолукка залал келтирүү, зөөкүрлүк фактылары боюнча 19 кылмыш иши катталып, анын 17синин бети ачылды.

Мындан тышкары бул күнү жол эрежесин бузган 241 адамга айып салынды. Майрамды шылтоолоп, рулда мас абалында бара жаткан 20 айдоочу кармалды.

Ал эми Ош облусу боюнча жалпы 30 кылмыш фактысы катталып, анын 25инин бети ачылган. Өзгөчө оор кылмыштар катталган эмес. (AzK)

XS
SM
MD
LG