Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:15

Атамбаевдин Европага сапары Австриядан башталды


Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев баштаган кыргыз делегациясы бүгүн Австрияга учуп кетти. Расмий сапардын жүрүшүндө мамлекет башчысы Австриянын президенти Хайнц Фишер, Австриянын парламентинин жогорку палатасынын спикери Соня Цвацл менен жолугушуп, кыргыз-австрия бизнес-форумуна катышат.

Мындан тышкары ал баңги заттар жана кылмыштар боюнча Бириккен улуттар уюмунун башкармалыгынын аткаруучу директору Юрий Федотов, ЕККУнун башкы катчысы Ламберто Заньер менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

25-март күнү мамлекет башчысы Франциянын президенти Франсуа Олланд менен жолугуп, кыргыз-француз бизнес-форумуна катышат.

Президент 26-мартта Швейцария конфедерациясынын президенти Симонетта Соммаруга жана тышкы иштер министри Дидье Буркхальтер менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

26-30-мартында президент Бельгиянын Королу Филипп, ошондой эле Европа союзунун институттарынын жетекчилери -Европа парламентинин төрагасы Мартин Шульц, Европа комиссиясынын төрагасы Жан-Клод Юнкер жана Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск менен жолугушат. 31-марттан 1-апрелге чейин өлкө башчысы Германияда болуп, президент Йоахим Гаук жана канцлер Ангела Меркелдин кабыл алуусунда болот.

Европага сапарынын алкагында саясый, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган бир катар эки тараптуу макулдашууларга кол коюлары болжонуп жатат. (AzK)

XS
SM
MD
LG