Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:00

Тил саясаты талкууланат


Бүгүн мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасын ишке ашырууну контролдоо боюнча жумушчу топтун жыйыны өтөт. Жогорку Кеңештен маалымдашкандай, иш-чара парламенттин жыйын залында өткөрүлөт.

2014-2020-жылдарга эсептелген улуттук программа былтыр жайында кабыл алынган. Анын максаты - өлкөдө бийлик, жарандык коом жана жарандардын эл биримдигин камсыз кылуудагы ролун жогорулатуу, кыргызстандыктардын эне тилинен тышкары бир нече башка тилдерде эркин сүйлөй алган муунун тарбиялоо.

Кыргызстандын Конституциясына ылайык, кыргыз тили мамлекеттик, ал эми орус тили расмий деген макамга ээ. (RK)

XS
SM
MD
LG