Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:53

Ошто аманат кат калтырган окуучунун өлүмү иликтенүүдө


Кечээ, 22-мартта Ош шаарынын тургуну, 11-класстын окуучусунун сөөгү өз үйүнөн табылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин Ош облусу жана шаары боюнча башкармалыгынын маалымат катчысы Кубанычбек Камчыбеков билдирди. Анын айтымында, окуучу бала өз жанын өзү кыйган болушу ыктымал. Ал ата-энесине "өлүмүмө эч ким күнөөлүү эмес" деген аманат кат калтырганы айтылууда.

Өткөн аптада Ошто 6-класстын окуучусу жанын кыйган.

Билим берүү жана илим министрлиги социалдык педагогдордун баяндамалары боюнча иликтөө жүргүзүп, Кыргызстандагы ар бир бешинчи окуучу өз жанын кыюу тууралуу ой менен жашайт деген тыянак чыгарган.

2014-жылы 106 бала өз өмүрүнө кол салса, быйыл эки айдын ичинде эле 20дан ашкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG